Бишкектеги «Унаа» мамлекеттик ишканасы аптасына жети күн иштейт

28.02.2023, 10:26 Акчабар
Бишкектеги «Унаа» мамлекеттик ишканасы аптасына жети күн иштейт

Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жумасына жети күн иштей баштайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, транспорт каражаттарын каттоо же кайра каттоого турууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин иштей баштайт. 

Иш пилоттук режимде жүргүзүлөт. Ага ылайык, шаардык бөлүмгө жумасына жети күн саат 08:30дан 17:30га чейин кайрылууга болот. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу