Бишкектеги жаңы стадиондун курулушу эки жылда аяктайт

19.02.2024, 13:40 Акчабар
Бишкектеги жаңы стадиондун курулушу эки жылда аяктайт

Бишкектин четиндеги Орок айылына курула турган стадион эки жылда аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук жайдын курулушу 10-15 күндүн ичинде башталат. Ага 40 миң киши батат деп пландалууда.

Мындан тышкары, быйыл Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдоло турганы кабарланды.

Белгилеп кетсек, бүгүн Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.

Тэги: Стадион УКМК Камчыбек Ташиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу