Бишкектин бюджети 11,690 млрд сом суммасында бекитилди

10.02.2022, 17:24 Акчабар
Бишкектин бюджети 11,690 млрд сом суммасында бекитилди

Бишкек шаарынын 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 млрд 690 млн 16,7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга божомолдоо жөнүндө” токтомунда айтылат.

Документте аталган каражаттын ичинен төмөнкүлөр белгиленген:

- Шаардык бюджет – 6 млрд 328 млн 802,4 миң сом;

- Ленин районунун бюджети – 1 млрд 409 млн 881,3 миң сом;

- Октябрь райондук бюджети – 1 млрд 343 млн 447,7 миң сом;

- Биринчи май райондук бюджети – 1 млрд 263 миң 854,2 миң сом;

- Свердлов райондук бюджети – 1 млрд 344 млн 31,1 миң сом.

Белгилей кетсек, 2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол менен - 11 970 154,7 миң сомду, 2024-жылга- 12 172 106,7 миң сомду түзөт.

Тэги: Бишкек шаарынын бюджети киреше жана чыгаша

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу