Биткоиндин баасы бейшемби күнү 40 миң долларга чейин чыккан. Бирок, coinmarketcap рыногунда баа 2 миң долларга төмөндөп, 38.6 миң долларды түздү.
Эксперттер билдиргендей, криптовалютанын баасынын өсүүсү инвесторлордун кызыкчылыгынын көбөйүшүнө байланыштуу.
Биткоиндин мынчалык деңгээлде көтөрүлүүсү 2017-жылы дагы катталган. Ал учурда бул баа 20 миң долларга чейин көтөрүлгөн. Кийин кайра 5 миң долларга төмөндөгөн.