Кыргызстанда жети айдын ичинде пенсионерлердин саны 41 миң 17 жаранга көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде июль айында 4,6 миңден ашуун жаранга пенсия дайындалган.
Мындан тышкары, пенсиялар 839 пенсионерге эмгек тажрыйбасы, эмгек акысы жана майыптык боюнча кошумча берилген документтерге ылайык кайра эсептелди.
Эске сала кетсек, пенсияны 200 сомго жогорулатуу үчүн бюджеттен 154,3 миллион сом бөлүнөт.