2023-жылы 8,5 миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү.
Алар:
Министрликтин маалыматына караганда, окуудан өткөндөрдүн 62% ишке орношкон. Мындан тышкары, бир жыл ичинде 12 миңден ашык адам убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн.
Жалпысынан 2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги акы төлөнүүчү коомдук иштер жана кесиптик окутуу менен 20 миңден ашык жумушсуз жарандарды камтыды.