Шайлоого жана референдумга каражаттын көпчүлүгү 2020-жылдын бюджетинде каралган

24.12.2020, 16:20 Акчабар
Шайлоого жана референдумга каражаттын көпчүлүгү 2020-жылдын бюджетинде каралган

Президенттик шайлоого жана референдумга республикалык бюджеттен 598,4 миллион сом бөлүнөт. Анын 382,3 миллиону ушул жылдын бюджетинен, калган бөлүгү 2021-жылдын бюджетинен каралат. Бул тууралуу Каржы министри Кыялбек Мукашев бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, БШК шайлоо алдындагы иш-чараларды 364,6 миллион сомго даярдайт.

"Тышкы иштер министрлигине 12 миллион сом, Мамлекеттик миграция кызматына 19 миллион жана Ички иштер министрлигине 4,8 миллион сом бөлүнгөн",- деп түшүндүрдү Мукашев.

Өлкө бийлиги шайлоо менен референдумду бир күндө өткөрүү дээрлик 400 миллион сом бюджеттик каражатты үнөмдөйт деп эсептейт.

 

Тэги: выборы референдум бюджет Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу