Орусиялыктар депозитти банкка барбай эле ача алышат. Бул боюнча атайын изилдөө жүргүзүлгөнүн bankir.ru порталы маалымдады.
Сурамжылоого катышкандардын 56% депозиттерди интернет-банкинг, 58% мобилдик тиркеме аркылуу ачууга даяр. Азырынча калктын 61% депозитти же эсепти банкка барып ачышууда.
Эксперттер белгилегендей, кардарлардын көбү эпидемиологиялык кырдаалдан улам банкка барганга азырынча даяр эмес. Азыр депозит ачкандардын көлөмү 61 пайыздан 43 пайызга дароо төмөндөдү.