Боронов: Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатат

05.08.2020, 17:29 Акчабар
Боронов: Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатат

Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн брифингде билдирди. 

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясы саламаттык сактоо тутумун модернизациялоо жана өнүктүрүү зарыл экенин көрсөттү. Ошол эле учурда ар бир мамлекет үчүн анын экономикасы маанилүү орунда турарын унутпашыбыз керек. Экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн аны колдоо боюнча чараларды активдүү түрдө кабыл алышыбыз зарыл. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, Өкмөт 2020-жылдагы ишинин негизги 5 багытын белгиледи», - деди Кубатбек Боронов

  1. Ден соолукту коргоо жана адам өмүрүн сактоо
  2. Калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо
  3. Билим берүү чөйрөсүнө окутуунун  коопсуз формаларын киргизүү
  4. Экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу
  5. Бизнести колдоо

«Биз тараптан иштелип чыккан сунуштун негизги бөлүгү – бул пандемиядан жапа чеккен бизнес чөйрөлөрүн колдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу болуп саналат», - деди өкмөт башчы. 

Тэги: Экономикалык абал Кубатбек Боронов пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу