«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн

02.10.2020, 14:00 Акчабар
«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн

«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу  Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Венгрия тарап 2 өлкө ортосунда аба каттамды ачуу демилгесин колдогон.

«Каттамды ачууга жарым жылга жакын убакыт кетет. Авиакомпанияны белгилеп бериши үчүн алар биздин аэропортту көрүшү керек. Андан соң меморандумга кол коюлгандан кийин каттам ачылат. Биз жумасына 2 жолу каттам жүргүзүлүп турсун деп айтып жатабыз. Бирок башталышында жумасына 1 жолу каттап турса да туура болот», - деди ал.

Тэги: Будапешт-Бишкек авиация агенттиги Курманбек Акышев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу