Бүгүндөн тартып Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштайт

25.05.2020, 09:10 Акчабар
Бүгүндөн тартып Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштайт

25-майдан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт, ал жерде санитардык талаптар сакталышы керек. Буга чейин айтылгандай, линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат.

 

Бардык металл жана пластик беттердин тазаланышы шарт. Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар экендигин айткан.

Белгилей кетсек, азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт.

Тэги: Бишкек коомдук транспорт \

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу