Бул айда кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат.
Эмгек министрлиги эскерткендей, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Бул күн жумага туура келет. Ага ылайык, жарандар 23, 24 жана 25-февраль, башкача айтканда, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү эс алышат.
26-февраль, дүйшөмбүдө жарандар кайрадан ишке чыгат.