Кыргызстанда бизнес-омбудсмени үчүн €1.5 млн каражатты Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи. Бул тууралуу инвестициялык форумда Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдирди.
Эскерте кетели ушул жылдын январь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-омбудсмен институн негиздөө боюнча буйрукка кол когон. Бизнес-омбудсмен ишкерлердин укугун гана эмес, алардын кызыкчылыгын дагы коргомокчу.