БУУнун «Green Climate Fund» өкүлдөрү Бишкекте жолугушууларды өткөрүүдө

07.03.2023, 12:15 Акчабар
БУУнун «Green Climate Fund» өкүлдөрү Бишкекте жолугушууларды өткөрүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Жашыл климаттык фондунун (GCF) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын климаттык долбоорлорун илгерилетүү боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. 

“Green Climate Fund” өкүлдөрү аткарылып жаткан иштердин мазмунун жалпы түшүнүүнүн жана кызматташуунун так улуттук негизин аныктоонун маанисин белгилешти. Ал эми кыргыз тарап кызматташууга даяр экендигин билдирип, координациялоону жакшыртуу сунуштарын берди”, - деп айтылат маалыматта. 

“GCF” өкүлдөрүнүн иш сапары 10-мартка чейин уланат. Аталган фонд президенттик аппараттын, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстандагы климаттык долбоорлорду ишке ашырып жаткан Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), DOS-CREDOBANK, ПРООН, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) сыяктуу уюмдар менен жолугат.  

“Алдыда “GCF” менен Кыргызстандын кызматташуу потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар жолугушуулар жана семинарлар пландалууда. Анын алкагында климаттык долбоорлору жакшыртууга жана CO2 эмиссиясын кыскартууга багытталган маселелер каралат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.  

Белгилей кетсек, бул эл аралык уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана калктын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун камсыз кылуу боюнча өлкөнүн өз максаттарын жана эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууда колдоо көрсөтөт. 
 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу