Быйыл Нарында 44 көчө оңдоп-түзөлөт

09.05.2023, 10:00 Акчабар
Быйыл Нарында 44 көчө оңдоп-түзөлөт

Ушул жылы Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусуна иш сапары менен барып, аймактагы жол куруу иштеринен кабар алды. Ал Нарын аэропортунун учуу тилкесин, калаанын ички жолдорун, Нарын-Баетов унаа жолун жеринен көрүп, жүрүп жаткан жумуштар менен таанышты. 

Белгилей кетсек, быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо каралган. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда бул жерде эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу