2019 - жылы укук коргоо органдарына ишкерлерди текшерүү жөнүндө 1258 өтүнүч түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өндүрүштү жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин 2-отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Аталган өтүнүчтөрдүн 1183 катталып, 75 каттоого алууга баш тартылган. Катталгандардын 1115 Каржы полициясы тарабынан, 50 - Ички иштер органдары тарабынан, ал эми 18 - УКМК органдары тарабынан түшкөн. Каттоого алууга баш тартылгандардын 73 Каржы полициясына жана 2 Ички иштер органдарына таандык.
«Жыйынтыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 97 миң 524 арыз кылмыштар боюнча жана 79 миң 92 жоруктар боюнча катталып, аларга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. 2018-жылы 39 миң 882 кылмыш иши козголгон, тагыраак айтканда, тергөө башталган иштердин көлөмү 4,5 эсеге көбөйгөн, аны менен бирге, ишкердиктин субъектилерине карата козголгон иштердин саны дагы көбөйгөн»,-деди башкы прокурор.