2023-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млн адам туристтик максатта келген. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр Өзбекстандын дээрлик 4,8 млн жараны туристтик максатта чет өлкөгө чыккан.
“2023-жылы өзбек туристтери үчүн эң популярдуу багыт Кыргызстан жана Тажикстан болду. Кыргызстанга Өзбекстандын 2 млн, Тажикстандын 1,1 млн жашоочусу барган. Казакстанга 744,1 миң адам, Түркияга 187,7 миң, БАЭге 131,6 миң адам барган”, - деп айтылат маалыматта.