Былтыр өлкөдөн чыккан 19 миң киши Орусиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы россиялык паспорт алган кыргызстандыктардын саны 7 миңге аз болчу.
Белгилеп кетсек, буга чейин Россия жарандыгын социалдык колдоо алуу үчүн алып келишкен, эми өкмөт буга кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү пландоодо.