Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында таза суу маселеси көтөрүлдү. Жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев учурда Кыргызстанда 346 айылда ичүүчү суу тутумдары такыр жок экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-январына карата 39 айылдын ичүүчү суу системасы курулуп бүтүп, 90808 адам таза суу менен камсыздалган. Анын ичинде Чүй облусунда 9 айыл, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 14, Ош облусунда 9, Баткен облусунда 1 жана Нарын облусунда 2 айылда бүткөрүлгөн.
Жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду.
“Былтыркы жылдын 31-декабрына карата республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу тармагына 771,42 млн сомго каржылоо ачылып, 82-объект ишке киргизилген",- деди ал.
Мындан тышкары, депутат Алишер Козуев калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери алгылыктуу жүргүзүлбөй жатканын, Кара-Суу районундагы “Таза суу” долбоору 7 жылдан бери бүтпөй жатканын кошумчалады.