2020-жылдын январь-октябрь айларында Бишкектин бюджетине 6.9 млрд сом түшкөн. Белгиленген план 91.3% аткарылган, - деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
2020-жылдын 1-октябрга карата Бишкек боюнча салыктык карыз 813.7 млн сомду түзөт.
Мэрия төрт райондун салык башчыларына бекитилген көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштерди күчөтүү жана салык карыздарын кыскартууну тапшырды.