Үч миңге жакын жеке клиника лицензиясыз иштээри аныкталды

01.11.2023, 09:50 Акчабар
Үч миңге жакын жеке клиника лицензиясыз иштээри аныкталды

Кыргызстанда 2 миң 800гө жакын юридикалык жана жеке жак мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөтүп келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министр Ош базарындагы медициналык кызмат көрсөткөн жайларга барып, текшерген. Текшерүүдө алардын биринин да медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты болгон эмес. 

“Жеке клиникаларга лицензиянын жоктугу жарандарыбыздын ден-соолугуна олуттуу коркунуч жаратууда. Сертификатсыз кызмат көрсөтүүлөрдөн улам бейтаптардын жугуштуу ооруларга кабылуусуна жол бере албайбыз. Депутаттардын жардамы жана тиешелүү мыйзамдарды түзүү бул көйгөйдү чечип, өлкөдөгү медициналык ишмердүүлүккө көзөмөлдү күчөтө алат”, - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды лицензиясы бар жеке менчик медициналык клиникаларга гана кайрылууга чакырат. 

 

Тэги: саламаттык коом тиш дарылоо Тазалык гигиена

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу