Жумгал районунун Чаек айылында күрөш залынын курулушу бүттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн. сомду түзгөн. Анын 18,7 млн. сомун Каржы министрлиги бөлсө, 3,2 млн сомун Чаек айыл өкмөтүнүн салымы түзгөн.
Спорт залды куруу иштери Жумгал районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылды.