Чет элдик валюта сатып алуу боюнча операция жүргүзбөй туруу сунушталды

28.02.2022, 17:43 Акчабар
Чет элдик валюта сатып алуу боюнча операция жүргүзбөй туруу сунушталды

Улуттук банк валютанын өсүүсүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө жана чет элдик валюта сатып алуу боюнча операция жүргүзбөөгө чакырат. Бул тууралуу Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда валюта базарындагы кырдаал боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 24-февралдан берки көрүнүш – бул психологиялык фактор. Мисалы, 1 доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлүп, андан кийин 89-90- сомго чейин түшүп кетти.

“Сактоону диверсификациялоо керек, башкача айтканда, аларды түрдүү активдерде сактоо зарыл. Башкача айтканда, жарымысын алтын кылып”, - деди Карабаева.

Ошондой эле ал Кыргызстандын валюта базары салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп, зарыл болгон учурда Улуттук банк керектүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр экенин айтты. Аны менен бирге эле, Россиянын банктарын SWIFT системасынан өчүрүүсү кыргызстандык мигранттардын мекенине акча которуусуна таасир этпестигин жана алардын которгон каражаттары үзгүлтүксүз түрдө келе берерин билдирди. 

Тэги: чет элдик валюта сатып алуу операция жүргүзбөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу