Чет өлкөдө туруктуу жашаган кыргызстандыктар топтолгон пенсиясын ала алышат

16.10.2023, 11:00 Акчабар
Чет өлкөдө туруктуу жашаган кыргызстандыктар топтолгон пенсиясын ала алышат

Кыргызстанда пенсия курагына жеткенде жарандар пенсиясынын топтомо бөлүгүн ала алышат. Буга чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн көчүп барган кыргызстандыктар да укуктуу. Бул тууралуу “Акчабарга” Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын топтолгон бөлүгүн бир жолку суммада алып кетсе болот.

Ошондой эле, социалдык фонддо топтолгон акчаны жакындарына мураска калтырууга да болот. 

“Пенсиянын топтомо бөлүгүн көп жыл мурун туруктуу жашоого көчүп кеткендер жана билбестиктен акчасын албай жүргөндөр да ала алышат. Алар муну каалаган убакта алса болот, мөөнөтү өтүп кетпейт”, - дейт ал.

Тэги: пенсия алуучулар топтомо Социалдык фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу