«Кыргызалтындын» 2023-жылдагы таза кирешеси 12,6 млрд сомду түздү

17.04.2024, 14:00 Акчабар
«Кыргызалтындын» 2023-жылдагы таза кирешеси 12,6 млрд сомду түздү

Кыргызстандагы эң ири тоо-кен ишканасы болгон “Кыргызалтын” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Жыйында компаниянын 2023-жылга карата ишинин жыйынтыктары жарыяланды, бул өлкөнүн жалпы экономикалык кырдаалынын фонунда анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун тастыктады. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” басма сөз кызматы билдирди. 

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” ишканасынын жалпы кирешеси 14,8 млрд сомду түзсө, анын таза кирешеси 12,65 млрд сомго жеткен. 

“Жыйында компаниянын филиалдарын башкаруудагы ийгиликтерге көңул бурулду. Атап айтканда, алардын үчөөсү эффективдүү башкаруунун натыйжасында таза кирешеге жетти”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, жыйында таза пайданы 100% дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечими чыкты. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Кыргызалтын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу