2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда жалпы суммасы 532 млн сомду түзгөн 215,4 миң электрондук патент онлайн режиминде берилген. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 133,7 миң патентке, же 24,8 млн сомго аз.
Берилген патенттердин санынын азайышынын негизги себеби - мурда патент менен соода кылган ишкерлердин башка салык режимдерине өтүшү. 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода ишмердүүлүгүнө патент берүүнү токтотуу пландалууда.
Электрондук патентти алуу же узартуу үчүн салык органдарына баруу талап кылынбайт. Бардык процедураларды онлайн режиминде веб-сайттагы "жеке кабинет" аркылуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана уюлдук операторлор сыяктуу үчүнчү жактардын санарип платформалары аркылуу бүтүрсө болот.