Дарыгерлер канча айлык маяна алары айтылды

05.12.2023, 16:00 Акчабар
Дарыгерлер канча айлык маяна алары айтылды

Акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин айлык акысы эки эсеге көбөйтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин айлык акысы 100%га жогорулады. 

“Бир жылда, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50 пайызга жогорулаган. Мында бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жери, бийик тоолуу, илимий даражалар, эмгек стажы, категориялар жана башкалар) сакталып, кызматтык маянага кошулган”, - деп айтылат маалыматта. 

Быйыл биринчи жарым жылдыкта орточо эмгек акы төмөнкүдөй болду:

  • административдик-башкаруучу персонал (АУП) - 20 миң 413 сом;
  • дарыгерлерге – 24 миң 14 сом;
  • медайымдык кызматкерлерге – 19 миң 502 сом;
  • кенже медициналык кызматкерлерге - 13 миң 938 сом;
  • башка персонал - 14 миң 249 сом.

Эскерте кетсек, бир күн мурун социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ысык-Көл облустук ооруканасынын ординаторлору байланышып жатканын билдирген. Анын айтымында, алар аз айлык – 5 миң сом аларына нааразы болушкан.

 

Тэги: айлык акы дарыгер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу