2-3-декабрда Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт. Жарманке 31-декабрга чейин ар бир дем алыш күндөрү өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманке Биринчи Май районунда саат 8:00дөн 18:00гө чейин Раззаков көчөсүндө Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Анын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди шаар тургундарына айыл чарба продукцияларын дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.