Dentafill Plus Кыргызстанда завод ачкысы келет

27.03.2024, 12:44 Акчабар
Dentafill Plus Кыргызстанда завод ачкысы келет

Белгилүү фармацевтикалык продуктыларды өндүрүүчү “Dentafill Plus” Кыргызстанда өз өндүрүшүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу компания өкүлдөрүнүн Өзбекстанда Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнө болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Dentafill Plus” фармацевтикалык буюмдардын кеңири спектрин, анын ичинде дарыларды, майларды, медициналык колкаптарды, инъекциялар жана инфузиялар үчүн эритмелерди жана тиш пастасын өндүрүүгө адистешкен. Иш сапар продукциянын сапатын изилдөө жана Кыргызстанда түз өндүрүш линиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатын көздөйт.

Экономика министрлигиндеги соода миссиясынын өкүлдөрү бул өнөктөштүктүн ийгиликтүү болоруна ишеним артып, бул демилгени ишке ашыруу Кыргызстандын фармацевтика тармагын гана чыңдабастан, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканын өнүгүүсүнө салым кошоорун баса белгилешти. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минэконом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу