Депутат электр энергиясы 700 кВт ашса дагы, эл үчүн 70 тыйын менен калтыруу сунушун берди

26.12.2019, 17:50 Акчабар
Депутат электр энергиясы 700 кВт ашса дагы, эл үчүн 70 тыйын менен калтыруу сунушун берди

Бүгүн, 26-декабрда ЖК кезектеги жыйынында, «Кыргызстан»фракциясынын депутаты Руслан Чойбеков, Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаровго өлкөдөгү электр энергияга болгон тарифтин басы жана CASA-1000 долбоору боюнча суроолорду берди.

Депутат, «CASA-1000 долбоору 2022-жылы күчүнө киргичекти,«Үч Курган»ГЭСтин  жаңылоо иштери бүкөрүлөбү?  Анда Кыргызстан CASA-1000 долбооруна айып пул төлөп калбайбы?», - деп суроо берди.

Назаровдун жообунда, CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери 2022-жылдын август айында бүткөрүлөт. Ал эми электр энергияны Кыргызстан 2023-жылдын май айынан баштап берет.

Андан сырткары, эл өкүлү электр энергиянын тарифтик баасы 700 кВт ашса дагы, карапайым калк үчүн 70 тыйын менен калтырып коюуга эмне тоскоолдук болуп жатканына кызыкты.

Бул суроого Улуттук энерго холдингтин жетекчиси, тарифтин баасын башка агенттик чечкендиктен, бул боюнча жооп бере албасын  билдирди. Бирок, сунушту кабыл алып, тариф түзүп жатканда эске алаарын кошумчалады.

Бул учурда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда («Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору) насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып жаткан. 

Тэги: Депутат Электр энергия CASA-1000 Руслан Чойбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу