«Тазалык» ишканасы 100дөн ашык атайын техника сатып алат

08.05.2024, 09:47 Акчабар
«Тазалык» ишканасы 100дөн ашык атайын техника сатып алат

“Тазалык” ишканасы жолдорду тазалоочу жана жууп-тазалоочу жаңы атайын техникаларды сатып алды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев орун басары  Рамиз Алиев менен биргеликте тесттик режимде атайын техниканын иштешин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул тазалоочу машиналар көчөлөрдү тазалоого, жолдорду жана тротуарларды таза кармоого арналган. Ал ар кандай таштандылар, чаң, кир жана башка булгоочу заттар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берген жууп жана шыпыруу функцияларына ээ.

“Атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт. Бүгүнкү күндө бул атайын техниканын 4 даанасы сатылып алынды. Жакынкы 2-3 айдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн каражатка 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Бишкек мэриясы Тазалык атайын техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу