Депутат «Унаа» мамлекеттик мекемесин айыптады

11.01.2024, 12:50 Акчабар
Депутат «Унаа» мамлекеттик мекемесин айыптады

Транспортту каттоодо “Унаа” мекемеси мыйзамсыз түрдө салык төлөнгөндүгү боюнча квитанция талап кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.

Депутат мамлекеттик "Унаа" мекемесин Салык кодексин бузуп жатканын айтып, айыптады. 

“Салык Кодексининин 145-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык маалыматтык тутумдун жардамы менен мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусу тууралуу маалымат алууга милдеттүү. Демек, квитанцияны сурабай, өздөрү санариптештирүүнү жардамы менен маалыматты тактап алышы керек. Ага карабай азыр жарандарды топ тепкендей ары бери жөнөтүп жатышат”, - дейт депутат.

Белгилеп кетсек, аталган кодекс боюнча мүлктү каттоодо мамлекеттик орган салыкка карызын төлөгөндүгү боюнча квитанцияны көрсөтүүнү талап кылуугу укуктуулугу белгиленет.

 

Тэги: жеке мүлк квитанция ГУ Унаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу