Deutsche Bank москвалыктардын жаман адаттарын баалашты

20.05.2019, 17:19 Акчабар
Deutsche Bank москвалыктардын жаман адаттарын  баалашты

 2019-жылы Москва  «жаман адаттар» рейтингинде 39-орунду сактап калды деп билдирет Deutsche Bank. Немец банкы жыл сайын дүйнө жүзүндөгү ири мегаполисттердеги жашоо деңгээлин, бааларды жана жаман адаттардын рейтингин жүргүзүп, элдердин айырмачылыктарын  аныктарын РИА Новости билдирди.

Bad Habits Index беш банка пивонунун эки тамекинин кутучасын тандап алып, аны дүйнө жүзү боюнча бааларын салыштырып чыгат.  Deutsche Bank маалыматына таянсак, 2019-жылы  Москвада алардын баасы  27.8 доллар экени аныкталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу кымбат.  Бир жыл мурун анын баасы  27.6 доллар болчу. Ушул эле учурда,  2014-жылга караганда, 33.3 доллардан төмөн түшкөнүн байкоого болот.

«Жаман адаттар»  рейтингиндеги сап башына австралиянын Мельбурн шаары чыкты. Анткени, бул шаардын тургундары беш банка пиво жна эки кутучуадагы тамеки үчүн 77.8 доллар төлөшөт. Экинчи орунда– норвегиянын  Осло шаары  77.2 доллар менен, а үчүнчү орунга – австралиянын  Сидней  шаары (76.4 доллар) менен жайгашкан.

«Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө пиво менен тамекинин баалары төмөн болгон. Кызыгы, ушул көрсөткүчтө Цюрих шаарында дагы арзанчылык байкалып, ал  54 мамлекеттин арасында 19-орунга жайгашкан», - деп жазышты Deutsche Bank. 

Ошондой эле, пиво менен тамеки кымбат делген шаарлардын 10-топтомуна Окленд, Дубай, Нью-Йорк, Лондон, Веллингтон, Сингапур менен Дублин шаарлары кирген.

Тэги: рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу