Алкоголдук ичимдик өндүрүүчүлөр лицензия алууга милдеттендирилет

22.07.2022, 11:11 Акчабар
Алкоголдук ичимдик өндүрүүчүлөр лицензия алууга милдеттендирилет

Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр лицензия алууга милдеттендирилет жана жыл сайын мамлекеттик органга өндүрүштүн көлөмү жана сатылбай калган продукциялар тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү болот. Мындай нормалар президенттин администрациясы тарабынан иштелип чыккан “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорунда камтылган.

Документке ылайык, мамлекет этил спиртин өндүрүүгө жана сатууга 100% монополия орнотот.

Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр лицензия алышы керек. Анын баасы мыйзам тарабынан белгиленет. Мындан тышкары, алкоголдук продукцияны экспорттоо жана импорттоо лицензияланууга тийиш.

Документ ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны ташып келүүнүн жана экспорттоонун көлөмүнө квоталарды киргизип, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу баасын жөнгө салат, ошондой эле спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик стандарттарын, техникалык шарттарын, нормаларын жана эрежелерин белгилейт.

Тэги: алкогольная промышленность лицензирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу