Кыргызстан менен Индиянын ишкер аялдары үчүн бирдиктүү аянтча түзүлдү

21.04.2021, 09:00 Акчабар
Кыргызстан менен Индиянын ишкер аялдары үчүн бирдиктүү аянтча түзүлдү

2021-жылдын 20-апрелинде виртуалдык форматта Кыргызстан менен Индиянын аялдарынын эл аралык бизнес форумунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул форумду уюштуруу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин жана Индиянын соода-өнөр жай палаталары федерациясынын (FICCI) демилгесин ишке ашыруу максатында болду. Форумда FICCI Кыргызстан Аялдар Конгресси жана “Курак” аялдар форуму ” бейөкмөт уюму менен эки меморандумга кол койду.

Тараптар мындай туруктуу аялдар форумун түзүүнүн уникалдуулугун белгилешти, ал ишкердик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана кол өнөрчүлүк жана прикладдык искусство, айыл чарба, туризм, IT, фармацевтика сыяктуу тармактарда Кыргызстан менен Индияда аянтча болот.

Жыйынтыгында Индия тарап коронавирус пандемиясы боюнча кырдаал турукташканда, Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө даяр экендигин билдирди.

Тэги: МИД Индия форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу