Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

23.01.2024, 17:27 Акчабар
Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

Улуттук банктын ноталарынын 23-январдагы аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28, 91 жана 182 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,92%, 12,08%, 13,73% жана 14,56%ды түздү.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-январында өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу бардык ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 7 күндүк 0,05%га, 28 күндүк 0,11%га, 91 күндүк 0,06%га жана 182 күндүк 0,06%га жогорулаган.

Эске сала кетсек, Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу аркылуу рекорддук 34,9 млрд сом тартууну пландаган.

Тэги: новости Кыргызстана аукционы нот НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу