6-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы менен 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарынын кирешеси 11.7% түзгөн. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет.
Кошумчалай кетсек, 6-ноябрда өтө туруучу насыя аукционуна болгон талап жок болгондуктан, өткөрүлбөй калган.
КР Улуттук банкынын официалдуу маалымат сайтында жарыялангандай, 11-ноябрда КР УБ 3 жана 6 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат. 3 айлык МБК кирешеси – 5.2%, 6 айлык – 6.09% түзөт. Мамлекеттик баалуу кагаздардын орточо баасы – 97.85 сомго барабар.