2020-жылы салыктар менен бажы төлөмдөрүнүн кескин төмөндөшүнө байланыштуу бюджетке колдоо көрсөтүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү максатында Кыргызстан эл аралык донорлордон жардам сураган.
Тышкы мамлекеттик карыздын түзүмүнө ылайык, республика былтыр баарынан көп жактуу жеңилдетилген насыялардан карыз алган. Ошентип, бир жыл ичинде алар 362,93 миллион долларга өскөн.
Ошентип, 2020-жылдагы мамлекеттик карыз Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын алдында бир кыйла көбөйгөн.