"Дос-Кредобанк" банктын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайданы колдонот. Мындай чечимди акционерлер 5-декабрда кезексиз жалпы жыйында кабыл алышты.
19-чыгарылыштагы жөнөкөй аталыштагы акциялардын кошумча эсебинен банктын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү пландаштырылууда.
"Мындан тышкары, "Дос-Кредобанк" ААКнын жаңы редакциясынын уставы бекитилди", - деп кошумчалады Кыргыз фондулук биржасы.