Кыргызстанда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.
Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.
Белгиленгендей, быйылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тоннанын тегерегиндеги күйүүчү-майлоочу май керектелет.