Жек Ма жана Alibaba Фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет

30.03.2020, 09:28 Акчабар
Жек Ма жана Alibaba Фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет

Жек Ма жана Alibaba Фонду коронавирус менен күрөшүү үчүн азия өлкөлөрүнө жардам берүүнү күчөтөт. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Бутан, Индия жана Въетнам өлкөлөрүнө кошумча медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жек Манын Фонду жана Alibaba Фонду билдирди. 

Эки фонд жогорудагы жети өлкөгө 1.7 млн медициналык беткап, 165 ми тест-система жана коргонуучу медициналык каражаттар, медициналык жабдыктарды жиберерин билдиришти. 

Муну менен катар фонддордон жардам 23 азия өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Жалпысынан 7.4 млн беткап, 485 миң тест-система, дээрлик 100 миң бирдей медициналык коргонуучу кийим жана башка медициналык жабдыктар жөнөтүлгөн. 

«Биз бирге дүйнөлүк коомчулук менен бирге үй-бүлөбүздү жана жакындарыбызды Covid-19 илдетинен коргоо үчүн күрөшүп жатабыз. Бардыгыбыз бирге абалды жакшыртуу үчүн, болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасап - кыйынчылыктарды жеңип, медициналык жабдыктарды өтө зарыл болгон жерлерге тез убакытта жеткирүүгө аракеттенип жатабыз», — деп билдирди Фонддон Жек Ма. 

 

Тэги: Фонд Джек Ма Фонд Alibaba гумпомощь Кыргызстан борьба с коронавирусом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу