Жээнбеков ЕАЭБдин шарты тууралуу өзгөртүлгөн протоколго кол койду

28.01.2020, 09:30 Акчабар
Жээнбеков ЕАЭБдин шарты тууралуу өзгөртүлгөн протоколго кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык,  Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Аталган Протоколго ылайык, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктуна кыргыз өткөрмө пункттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтүн 2021-жылдын 12-августуна чейин узартуу боюнча өзгөртүү киргизилди.

Тэги: ЕАЭБ келишим протокол президент президент КР кол койду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу