Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 30 миллион сом жакын акча которду

01.04.2019, 14:10 Акчабар
Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 30 миллион сом жакын акча которду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 29 миллион 988 миң 871 сом өлчөмүндө акча которду.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 526 миллион 881 миң 859 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти 
С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

Тэги: Единый депозитный счет коррупция Финпол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу