Бирдиктүү салык декларациясын 24 миңден ашуун жаран тапшырган

05.02.2020, 16:30 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын 24 миңден ашуун жаран тапшырган

2020-жылдын 5-февралына карата Бирдиктүү салык декларациясын 24 миң 32 салык төлөөчүсү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аларды ичине 6 миң 194 юридикалык жак, 13 миң 372 жеке ишкер, 2 миң 377 физикалык жак, 688 кирешесине салык салынбаган жак жана 401 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кирди.

Салык кызматы юридикалык жактар 1-март, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин салык органдарына былтыркы жылкы кирешеси тууралуу отчет тапшырып, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүгү, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу маалымат тапшыруусу керек деп эскертет.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана ферма чарбалары, ошондой эле Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген чет элдик уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, индивидуалдык ишкерлер, анын ичинде салыкты патенттик негизде төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (унаа) жана кыймылсыз мүлкү (батирлер жана үйлөр) жана жер тилкеси (короо-жайга танапташ тилкесинен сырткары) бар, ошондой эле юридикалык жак катары негизделбей ишмердүүлүк жүргүзүп келген дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин БСД тапшырууга милдеттүү.  

Тэги: ЕНД налогоплательщики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу