Евразия экономикалык комиссиясы Интернеттеги интеллектуалдык менчик укугун коргоо боюнча сунуштаманы жактырды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
Сунушта мыйзамсыз камтылгандарга бөгөт коюу, бөгөттөлгөн маалыматтык ресурстарды эсепке алуу, издөө тутумдарынан мыйзамсыз камтылгандарга шилтемелерди алып салуу, автордук укук ээлеринин, интернет платформаларынын жана ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтык өз ара аракеттери каралган.
"Заманбап шарттарда сооданын олуттуу бөлүгү Интернет технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды сактоо маселеси келип чыгат”, - деп белгиледи ЕЭК министри Тимур Жаксылыков.