Экономика министрлиги жана эксперттердин билдирүүсүндө Кыргызстанда 2018-жылы көмүскө экономиканын 25% күйүүчү май түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын мунай заттарды сатуу Ассоциациясынан билдиришти.
КР экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы күйүүчү май рыногунан 5 млрд сом казынага түшкөн эмес.
«Казакстан аймагынан автоунаага куйүүчү майды ташууга тыюу салган КР Өкмөтүнүн токтому чыккандан кийин, күйүүчү майды көмүскө ташыгандар азайууда», - деп жазылат билдирүүдө.