Казахстан QR-төлөмдөрү боюнча лидерлик позицияда

15.03.2019, 10:00 Акчабар
Казахстан QR-төлөмдөрү боюнча лидерлик позицияда

 2018-жылы  Казахстандагы нак эмес төлөмдөр рынокто тренд болуп, гал тез өсүп: көлөмү боюнча 26% жана транзакциянын сандык катышында 33% түзгөнүн  inbusiness.kz жазып чыкты.

Борбордук Азия аймагында бул көрсөткүч көлөмү боюнча 19% жана  транзакциялардын санында  38% жетти. Ушул эле маалда нак эмес төлөмдөгү орточо чек республикада  3% (теңге) болгон.

Акыркы  12  айдын жыйынтыгы боюнча орточо  сумма  $32. Борбордук  Азиядагы орточо чек  14% төмөндөп ( доллар менен) жана азыркы абалы $33. Мындай маалыматы КМШ  жана Түштүк-Чыгыш Европадагы Visa компаниясынын аймактык бөлүгүнүн директору жана вице-президенти  Вера Платонова билдирди.

Анын айтымында учурда нак эмес төлөм тренд  болуп мобилдик коммерция өсүүдө.  Ошондуктан мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу зарыл. 

«Дагы бир  тренд, бул жаны эмес, бирок көңүл буруучу жагдай   – Интернет аркылуу буюм сатып алуу. 2025-жылга карата бул рынок   13 трлн теңгеге жетет. Ошондуктан, төлөм системалары бул портфелдерди бөлүштүрүп иштейт ойлонуу керек»–деп айтты эксперт.

КМШ мамлекеттеринде жаңы технологияларды пайдаланууда лидер болуу үчүн элдин «бул технологияларды колдонууга жана каалоо энергиясына» жараша. Платонованын айтымында  Apple Pay сыяктуу компаниялардын КМШ рыногуна кириши  айтып турат. Азырынча, технологиялык тренд Apple, Google сыяктуу ири монстр компанияларга гана эмес, төлөм системаларына дагы байкалууда. 

«Казахстан  QR-төлөмдөрү боюнча дүйнөлүк лидерликке чыгууда. Бул жаңылык тездик менен өнүгүп, ошону эли бат кабыл алып колдонгон аз мамлекеттердин бири. Ошондуктан, QR тездик менен өсүүдө. Учурда контаксыз төлөм   жалпы төлөмдүн ичинен 33%  түздү» – деп белгиледи ал.

Казахстандагы басылманын билдиргенине караганда эл жаңы технологияларды бат оздөштүрүп, заманга жараша агылууда. Бирок, бизнес бул өзгөрүүлөргө  бат аралаша албай келүүдө. 

Тэги: платежные сервисы QR-платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу