Экономикалык амнистия үчүн ачылган эсепке 912.1 млн сом которулду

09.12.2020, 13:25 Акчабар
Экономикалык амнистия үчүн ачылган эсепке 912.1 млн сом которулду

Финансы министрлиги тарабынан экономикалык амнистия үчүн ачылган эсепке, 9-декабрга карата  912.1 млн сом келип түштү. Бул тууралуу «Акчабарга» ведомстводон маалымдашты. 

Ведомстводон белгилешкендей, түшкөн каражаттын 807.3 млн сому - Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райыимбек Матраимовдон которулган. 

Андан сырткары, финансы министрлиги өз ыктыяры менен тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалагандар үчүн экинчи эсеп ачкан. Бул эсепке 3-декабрда алгачкы которуу болуп, 27 миң сом түшкөн. «Акчабарга» маалым болгондой, эсепке мындан башка акча которуу боло элек. 

Тэги: экономикалык амнистия млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу