Экономикалык амнистия: бюджетке 5,4 млрд сом кайтарылды

04.11.2020, 12:10 Акчабар
Экономикалык амнистия: бюджетке 5,4 млрд сом кайтарылды

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 5,4 млрд сом түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.

 

«Бүгүнкү күндө козголгон жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке акча каражат түшүүдө. Жарлыктын алкагында 5,4 млрд сом мамлекеттин казынасына келип түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлкүнө иликтөө жүргүзөт», - дейт Зулушев.



Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан бир айлык мөөнөткө экономикалык амнистия жарыялаган. 

Тэги: кылмыш иштер экономикалык амнистия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу