«Ак-Кеме» мейманканасынын экс-директору эффективдүү эмес башкаруу үчүн кармалды

12.07.2022, 14:27 Акчабар
«Ак-Кеме» мейманканасынын экс-директору эффективдүү эмес башкаруу үчүн кармалды

Мамлекеттик мүлктү, тактап айтканда, “Ак-Кеме” мейманкана комплексин натыйжасыз пайдаланууда көрсөтүлгөн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, фактылар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн талдоо учурунда алынган.

“Ак-Кеме” мейманкана комплексинин жетекчилиги тарабынан 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейин чет өлкөлүк студенттер үчүн бөлмөлөргө атайылап арзан баалардын прейскуранты бекитүүдө көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул иш боюнча “Ак-Кеме” ишканасынын мурдагы жетекчиси Т.Б., кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда мейманкана комплексине кошумча аудит дайындалды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу